Күнгө кантип туура күйүү керек? Адистен кеңеш
Биз ар дайым жайдын келишин чыдамсыздык менен күтөбүз жана анын себептеринин бири көлгө барып күнгө күйүү. Азыркы заманда көпчүлүк ысык өлкөлөргө барып, жылдын каалаган убагында эс ала алышат. Демек, күндүн астында узак убакытка болуу менен байланышкан тобокелчиликтер дагы көбөйөт.
Күнгө күйүүнүн пайдасына караганда, зыяны көбүрөөк экени илимде далилденген, андыктан күнгө күйүүнүн эрежелерин четке какпаңыз. Дарыгер-косметолог Жанара Кубаныч бул жаатта сизге жөнөкөй, бирок пайдалуу эрежелерди айтып берет.
- Күнгө туура күйүүнүн жол-жобосу кандай?
- Күндүн нуру организмдин керектүү өлчөмдө D витамин иштеп чыгышына шарт түзөт. Ошол эле учурда ашыкча күн нуру ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзгөчө жайдын ысык күндөрүндө күнгө күйүп калуудан сактануу керек. Күнгө акырындык менен күйүү зарыл. Биринчи күнү тике тийген күн нуруна 10-15 мүнөт жүрсө болот. Күнгө кактануунун убактысы 1 сааттан ашпоосу тийиш. Саат 11ден 12ге чейин күнгө күйүү эң жагымдуу учур. Дене күнгө тегиз күйсүн десеңиз өсүмдүк майларын алдын ала сүйкөө сунуш кылынат.
- Кантип сактаныш керек?
- Көздү күн нурунан сактоо үчүн күндөн коргоочу көз айнек тагынуу керек. Өзгөчө бетке жазында жана жайында күндөн коргоочу бет майларды пайдалануу абзел. Баш кийим (жоолук, панама, саман шляпа жана башка) кийүү керек. Ошондой эле күн тийген жерде уктоого болбойт. Күнгө күйүү бардык кишиге пайда келтирбейт: улгайган адамдарга, эки жашка чейинки балдарга, кош бойлууларга, ошондой эле өпкөнүн өнөкөт оорусу (айрыкча кургак учук), нерв жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга күндө узак убакытка жүрүүгө болбойт.
кошулду



1 |