super.kg logo

Асел Кадырбекова жаңы ыр жаздырды. "Сахнага жаңы аттанып жаткандай толкунданып турам" дейт ал

 


Ырчы Асел Кадырбекова жашоосунда орун алган окуялардан кийин чыгармачылыгын жандантып, жаңы ырын жаздырды. Ал күйөрмандарына "Кечикпечи" ырын тартуулап, кырсыкка кабылганына туура бир жыл болгонун айтат.

"Туура бир жыл мурун Аллахтын буйругу, сиздердин тынымсыз дубаңыздар менен, мекенибиздин мыкты ак халатчандарынын жардамы менен кайрадан жаралган сымал бул жашоону улантуу, тирүүлүктүн тузун татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Маңдайыма жазылган сыноого бай күндөрдө элимдин дубасы, жакшы сөзү мени күчкө толтурду. Мекендештериме болгон ыраазычылыгымды айтып бүтө албайм.

Бүгүн мен сахнага жаңы аттанып жаткан Аселдей жүрөгүм оозума кептелип, толкунданып турам. Себеби чыгармачылыктан алыстай түшкөнүмдү билесиздер. Бирок сиздердин колдооңуздар мени баарын башынан баштоом үчүн күч берди.

Кадырлуу замандаштарым, тагдырдын тамашасы менен жаңы чыгармамдын бет ачары дал ушул күнгө 26-июнга туура келип отурат. Бул да болсо бир буйрук, жакшы белги деп билем. Элиме жаңы чыгармамды жан дүйнөмдөн тартуулайм", - деп социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Ырчы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы:

26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: