Өлкөнүн муфтийи болуп шайланган Замир Ракиевдин өмүр баяны
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды. Муфтийдин өмүр баяны:
Туулган жылы: 15.02.1978-жыл
Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Шамшы айылы. Улуту: Кыргыз
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.
Билими:
1986-1995-жылдары орто мектепти аяктаган;
1995-1999-жылдары Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси;
1999-2000-жылдары Египет мамлекети, "Университетке даярдоо курсу";
2000-2003-жылдары Аль Азхар Ислам институту;
2003-2007-жылдары Аль Азхар Ислам университети, "Дин негиздери";
2008-2010-жылдары Бишкек гуманитардык университети "Чыгыш таануу - Магистр".
Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:
2007-2008-жылдары Чүй облусу, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде мугалим;
2008-2010-жылдары Чүй облусу, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде директор;
2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;
2011-2016-жылдары Кыргыз мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары;
2016-2017-жылдары Кыргыз мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары.







1 |