super.kg logo

Улукбек Марипов юристтерди майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юристтердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосун министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады.

"Урматтуу юристтер, министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын юристтердин күнү менен куттуктайм.

Юрист кесиби коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөсүнө тиешеси бар болгондуктан, ар дайым эң ардактуу, маанилүү жана жооптуу кесип катары эсептелип келет.

Быйыл Кыргыз Республикасы өз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Өлкөбүз суверенитетке ээ болгон биринчи жылдардан тарта юристтер Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жашап кетүүсүн жана биздин коомдо мыйзамдуулук процесстерин камсыздаган жаңы укуктук системаны жана ченемдик-укуктук базаларды калыптандырууда негизги ролду ойногон.

Бүгүн да сиздер өлкөбүздө мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө жана укуктук системаны бекемдөөгө салым кошууну улантып, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоп, калктын укуктук сабатын жана укуктук маданиятын жогорулатууга көмөктөшүп жатасыздар.

Мыйзамдардын так аткарылышы, ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, мамлекеттик реформалардын ийгиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө көз каранды.

Мен сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшаган ар күнкү талыкпаган эмгегиңиздер биздин мамлекеттин жана коомдун туруктуу гүлдөп-өсүүсүн жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоонун өбөлгөсү болоруна ишенем.

Бул майрам күнү сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, тынчтык, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: