Улуттук статистикалык комитет: "Баңгизатын колдонгондордун эң көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталган"
2020-жылдын аягында республиканын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттардан көз карандылык менен ооругандар 8 миң 500 адам катталган же калктын 100 миңине 128 адам туура келет. Катталгандардын жалпы санынын болжол менен 6 пайызын аялдар түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен кабарлайт.
Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы баңгизатын колдонгондордун 61 пайызга жакыны инъекциялык ыкмасын колдонушкан. Ал эми 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегүүгө көз каранды экени байкалган.
"Баңгизаттарды колдонуу республиканын бардык аймактарында кеңири тарап, эң көбү Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда катталган.
2020-жылы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 миң 110 кылмыш жана жоруктар катталган. Алардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келген.
Кармалып алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун эң чоң үлүшү (болжол менен 63 пайызы) прекурсорлорго (күкүрт жана туз кислотасы жана башкалар), ошондой эле (21 пайыздан жогору) кара куурай тобуна (май, саман, кара куурай өсүмдүгү, ошондой эле марихуана жана гашиш) туура келген", - деп айтылат билдирүүдө.
26-июнь баңгизатка жана бул каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн 1987-жылы Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген. Бул чечимдин кабыл алынышына баңгизаттарды колдонуу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференциянын сунуштары негиз болгон.



1 |