Министрлик коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын эффективдүүлүгүн айтты

Мекеменин маалыматына караганда, Sinopharm вакцинасынын эффективдүүлүгү 80 пайыз, Sputnik V вакцинасы 95 пайызга чейин. Ошондуктан калктын 70 пайызы эмделип, жалпы иммунитет иштелип чыкканга чейин бир дагы вакцина 100 пайыз коргой албайт дешет министрликтен.
"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, COVID-19га каршы эки жолку эмдөөдөн кийин өнөкөт оорулар менен жабыркагандарда дагы илдет жеңил өтөт.
Адистер эмдөөдөн кийин COVID-19 оорусуна чалдыккан фактылар сейрек кездешип жатканын, бирок эмделген жарандарда оору жеңил формада өтөрүн айтышат. Жалпысынан ооруга көптөгөн факторлор, анын ичинде организмдин жалпы абалы таасир этет. COVID-19га каршы эмдөө инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун азайтууга жардам бербестен, инфекциянын оор түрлөрүнүн пайда болушуна жол бербейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.