super.kg logo

Кыргыз-Казак ымаласы: Эки өлкө тасма жана мультфильм тартууга макулдашты

 

Кыргыз өлкөсү менен Казакстан маалымат чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Андан тышкары тасма жана мультфильм тартылат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, министрдин орун басары Салтанат Аманова баштаган делегация Казакстандын Нур-Султан шаарына иш сапары менен барды. Алар бир катар мамлекеттик маалымат каражаттарында болуп, Казакстандын президентине караштуу Борбордук байланыш кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй келишимдерге жетишилди:

1. "Пирамида" медиа холдинги менен "Хабар" агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду;

2. "Пирамида" медиа холдинги менен "Казакстан" республикалык телерадиокорпорациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду;

3. Эки мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган телеконференциялардын сериясын түзүү жөнүндө;

4. Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун достугунун мисалында эки элдин достугу жөнүндө биргелешкен толук метраждуу тасманы тартуу жөнүндө;

5. Эки элдин достугуна негизделген балдарга арналган кыска метраждуу мультфильм тартуу жөнүндө;

6. Эки тараптуу мамилелерди кеңири жайылтуу жана ой бөлүшүү үчүн прогрессивдүү жаштар (блогерлер) үчүн жаштар аянтчасын уюштуруу жөнүндө;

7. Белгилүү журналисттер, теле алып баруучулар, телекөрсөтүүлөрдүн жана телеканалдардын режиссёрлору жана кинотеатр кызматкерлери мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери үчүн бир катар мастер-класстарды уюштуруу жөнүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: