Баткенден Өзбекстанга контрабандалык жол менен 74 баш мал алып бара жаткан Кыргыз жарандары кармалды
26-июнда Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал алып бара жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кадамжай районунун Кара-Жантак аймагында чек арачылар кызмат өтөп жатып, Hyundai-Porter үлгүсүндөгү 2 унааны жана 3 Кыргыз жаранын кармашкан. Анда 43, 23 жана 32 жаштагы жарандар контрабандалык жол менен Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга 74 баш майда мал алып бара жаткандары аныкталган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана мал укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.
"Ошол күндүн эртеси, тагыраагы 27-июнь күнү Ала-Бука аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачыларга аталган райондун Жаңы-Шаар аймагынан 34 жаштагы тургун кайрылган. Анда коңшу мамлекеттин аймагына кирип кеткен атын кайтарып берүүнү сураган.
Чек ара кызматынын өкүлдөрү Өзбекстан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, натыйжада ат ээсине ошол эле күнү кайтарылып берилди", - деп билдиришти чек ара кызматынан маалымат кызматынан.

