super.kg logo

Ошто дарыяга түшүп кеткен унаа: Ичиндегилер бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

 

24-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында Тар дарыясына кулаган унаада бара жаткандар бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Кулжа районунун акими Аманкан Кежебаев билдирди.

Анын айтымында, ал өзү дагы издөө иштерине катышкан.

"Өзүңүздөр билгендей, айдап бара жаткан киши менен 12 жашар кызы аман-эсен табылган. Келинчегинин сөөгүн эртеси күнү эртең менен таптык. Жерине милиция кызматкерлери, ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Бүгүнкү күндө 4 жашар кызы изделип жатат. Мындан тышкары айдоочунун бир тууган карындашынын да жансыз денеси табылды.

Бул үй-бүлө Бишкектен Көк-Арт айылына келе жатып, болжол менен саат 22:00дө кырсыкка кабылып жатат. Айдап бара жаткан тургун чарчап калса керек, уктап кеткенби же техникалык мүчүлүштүкпү аны тийиштүү органдар иликтейт", - деп билдирди ал.

Окуянын чоо-жайы:

24-июнда Оштогу Тар дарыясына Хёндай Портер унаасы түшүп кеткен. Анда 5 адам болгон.

Анын ичинен 2 адам (1980-жылы туулган эркек адам, 2008-жылы туулган кыз) куткарылган. 25-июнь күнү 2 аялдын (1984-жылы туулган, 1993-жылы туулган) жансыз денеси суудан табылган. Ал эми 2017-жылы туулган кыз дайынсыз болууда.

Издөөгө ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. Аны табуу аракеттери бүгүн, 28-июнь күнү да улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: