super.kg logo

Аравандагы 12 жашар баланын өлүмү: Ата-энеси Бишкекке иштегени кеткен

 

25-июнда Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы бала киши колдуу каза болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип 27-июнда 16 жаштагы бала кармалган.

SUPER.KG порталы Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаевге байланышып, үй-бүлө тууралуу маалымат алды.

"12 жашар бала айылдагы мектепте окуп, чоң ата, чоң энеси менен жашап келген. Баланын ата-энеси Бишкек шаарына иштегени кетишкен, наабайчы болуп эмгектенип жүрүшөт.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, тууганы акча уурдап жатканда бала көрүп калыптыр, ошондон улам ушул ишке барса керек. Чоң атасы болсо мекемелердин биринде кароолчу болуп иштейт. Бул үй-бүлө жөнөкөй, ызы-чууга аралашпай тынч жашашчу", - деп билдирди Файзуллаев.

Маалымат үчүн:

25-июнда райондук ооруканадан укук коргоочуларга асынып алып каза болгон баланын жансыз денеси түшкөнү туурасында билдирүү келип түшкөн. Каза болгон бала Араван айылынын 12 жаштагы тургуну болуп чыккан. Маалым болгондой, маркумду ооруканага таякеси алып барган.

Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө бала киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳндүгү белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектелип кармалган 16 жаштагы бала сурак учурунда, аталган айылдагы үйдөгү тууганынын акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен моюнга алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: