Бишкектеги окуучу кыздын өлүмү боюнча мэрия жаңы комиссия түздү
Борбор калаанын мэриясында №87 орто мектепте болгон каргашалуу окуянын жагдайларын иликтөө боюнча жаңы комиссия түзүлүп, мектеп директору убактылуу жумушунан четтетилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-мартында мектепте эс-учун жоготкон 5-класстын окуучусу Гүлзейнеп Галбаева кардиологиялык ооруканага бара жатып күтүүсүздөн көз жумган. Кыз жүрөк өнөкөт оорусуна чалдыккан. Кыздын энеси Обагүл Идрисова өлүмдүн бардык жагдайларын иликтөө үчүн мэрияга кайрылган.
"Жаңы комиссия түзүлүп, анын курамына дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо кызматкерлери кирди. Комиссия жакындарынын бардык дооматтарын жана билдирүүлөрүн, мектеп администрациясынын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле медициналык консультацияларды изилдейт. Белгилей кетсек, март айында ата-энеси жана туугандары соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Бүгүн кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө жана бардык жагдайларды изилдөө максатында комиссия №87 орто мектебинин директорун кызматынан убактылуу четтетүү чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

