КРнын президенти: "Бийликти узурпациялоого жол берилбейт"
"Кыргызстанда бийликти узурпациялоого жол берилбейт",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги иш-чаралардын биринде. Айтымында, азыркы учурда бийлик узурпацияланды деген сындар туура эмес. "Адамды барымтага алып бензин чачып өрттөйбүз деп коркуткан саруулуктарды бошотууну талап кылышууда. Аларды жазалап, керек болсо 15-20 жылга чейин камаш керек. Бул узурпация эмес, тартипти орнотуу",- деди президент.
Атамбаев акыркы 3 жылда айлык акылар 3 эсеге, пенсия 2 эсеге жогорулаганын айтып, кыргызстандыктарды калыс болууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

