Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз өлкөсүнө чакырды
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын", - деп белгилеген Садыр Жапаров.
Эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашкан.
"Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.
Президенттин айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык долбоорлорго катышууга бардык зарыл шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал долбоорлорго түркмөн бизнеси кеңири катышарына үмүт артты.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келүүгө чакырды", - деп жазылат маалыматта.

