super.kg logo

Түндүк-Түштүк унаа жолу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия аталган жолдун курулушу менен таанышып чыкты

 

Түндүк-Түштүк унаа жолу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия аталган жолдун курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Жалал-Абаддан Көк-Арт ашуусуна чейинки жолдун курулушун көрүп, туннелдин курулуш иштери менен таанышышты. Жалал-Абад шаарынан Көк-Арт ашуусуна чейинки жол дээрлик курулуп бүтүп калган. Асфальт төшөлүп, тиешелүү жерлерине көпүрөлөр курулуп, жол белгилери коюлган. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевдин айтканына караганда, туннелдин эки тарабына долбоордон тышкары 3 асма көпүрө, 2 галерея куруу зарылдыгы келип чыккан. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, болжол менен долбоордун наркы 21 миллион доллар турат. Бул курулуштун жүрүшүнөн улам ачык болгон зарылчылык десе болот.

Көк-Арттагы туннелдин курулушу болсо 2018-жылы эле аяктамак экен. Кечиккенинин бир себеби пандемия, экинчи себеби туннелге чейин мурда жолдун болбогондугу, үчүнчүсү туннел казылып жаткан тоо тектеринин борпоңдугу болууда деп түшүндүрүштү. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү туннелдеги курулуштун жүрүшү, авариялык штольнядагы абал менен дыкат таанышып, адистер менен баарлашып кеңири маалымат алышты. Иштин сапатын көзөмөлдөөнүн үзгүлтүксүз болушуна басым жасашты. Жумушчулардын айлык акыларына кызыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.06.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги жол курулуп жатабы ким ьилет. Видеого тартып жонотсонор болмок. Кызык да.
28.06.2021. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туннельдин курулушу 2018 бутмок экен, бутпогонунун 1-себеби пандемия. Пандемия адашпасам 2020 башталган болсо керек эле же адашып атамбы мен
2-себеби буга чейин жолдун болбогону дейт. Не баштап атканда жол бар деп ойлошуптур беле?
3- себеби тоо тектеринин борпон болгону дептир, а мурда борпон болгон эмес бекен?
Биринчи баштап атканда анализ жургузуп анан баштайбы ишти же оюнан чыгарып эле айтып койо беришеби мынанчада бутот деп?
Депутаттарды жаш баланы алдагандай эле алд
29.06.2021. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot.kg94, алдап коюшуптурда анда баары бир башынар жетпейт деп)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: