super.kg logo

Арстанбапта туристтердин коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

 

Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда абанын температурасы жогорулап, күн ысыган сайын көпчүлүк жарандар тоо тарапка эс алууга чыгууда.

"Милиция кызматкерлери Арстанбапта иш алып барып, эс алууга келген жарандарга аттракциондорго түшүүдө этият болуу керектигин эскертип жатышат. Ошондой эле табигый жаратылышты сактоого, ар кандай акыр-чикирлерди таштабоого чакырышууда.

Мындан сырткары Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсү тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Көчөлөрдө, соода жайларында, ашканаларда санитардык эрежелердин сакталуусу текшерилип, тиешелүү нормалар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Аттракцион иштетүүчүлөргө техникалык абалды тынымсыз көзөмөлдөп туруу зарылдыгы жеткирилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасында туристтердин жана жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары да кабыл алынууда. Ошондой эле аймакта сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон РИИБинин милициянын көчмө кабылдамасына 5 айда 32 ар түрдүү мазмундагы кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен 3 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 19 учур боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2021. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстанбап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: