"Билим берүү министри менен качан таанышабыз?". Депутат министрдин жыйынга келбегенине нааразы болду
Депутат Бейшеналы Нурдинов министрдин жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен качан таанышабыз? Эмне статс-катчы бир нерсе чечеби? Министр жыйынга эмнеге келбей жатат?", - деп сурады депутат.
Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова министрге байланышканын айтты. "Мен министр менен байланышкам. Инвестиция тартуу боюнча жыйын өтүп жатыптыр "жетишсем келип калам" деген", - деди ал.
Нурдинов: "Өңүнөн көрүп, таанышып коёлу. Келеби же биз баралыбы? Жеке ар бирибизге келип, таанышып кетсин. Суроо абдан көп", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
general2030

28.06.2021. 16:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул министр интригант экен! Азыр борбордук аппарат экиге бөлүнүп калды жаштар жана чалдар болуп чалдар тобун ушул интригант министр жетектеп жаштарды куугунтуктап иштен кетирип жатат!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.