super.kg logo

"Үстүн таштандылар менен жаап коюшкан". Ошто куралдар сакталган жашыруун жай табылды

 

Ош шаарында куралдар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жай табылды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-беренесинин 2-бөлүмү ("куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча катталып, тергөө иштери башталган.

"Кылмыштуу топтордун бирине таандык болгон бул ок атуучу куралдар менен ок-дарылар Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган. Жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстүн таштандылар менен жаап коюшкан.

Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон Калашников үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо табылган. Мындан сырткары тетиктери чачылган абалдагы 16 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылды.
Куралдарды кароо учурунда алардын номерлери өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган.

Иликтөө ишин ИИМдин Ош шаарындагы тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти аталган министрликтен.






ИИМ: "Куралдар сакталган жашыруун жай табылды"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.06.2021. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неге кол капсыз эле кармап жатат, андагы отпечатканы тактоого тоскоол болуп калат го, бир аз көңүлдүү иш алып барса болот ко
28.06.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aslonur,Туура
28.06.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медиктер такпаган перчаткини ушулар такчу беле
28.06.2021. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне максат менен бекиткен бул куралды, же дагы даярдана башташтыбы туүгандар, 10 жыл өтүп кетти деп. Укук коргоо органдары тыкыр игтеш керек да ушундай учурларда. Бейкүнөө адамдарды камабастан өзүн табыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: