super.kg logo

Улуттук кадрлар резервинде 231 резервист бар

 
Улуттук кадрлар резервинде 231 резервист бар. Бул туурасында Мамлекеттик кадр кызматы маалымдады.
Мекеменин бүгүнкү күнгө карата алынган маалыматына ылайык, алардын арасынан 121 резервист жогорку кызмат орунуна, 110 резервист башкы кызмат орунуна талапкер. Улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн конкурска катышууга документтер кабыл алуу уланууда.
"Өткөн аптада Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук комиссиясынын катышуучулар менен болгон кезектеги аңгемелешүүсү болуп өттү. Аңгемелешүүгө 30 талапкер чакырылса, алардын 27си келип, үчөө келишкен жок.
Улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: