super.kg logo

Өлкөдөгү октябрь айындагы башаламандыкта Ак Үйдүн алдына уулун издеп чыккан эне 8 айдан бери комада жатат

 

57 жаштагы Тамара Өмүралиева 2020-жылдын 6-октябрында “аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлерди Ак Үйдүн алдына тизип коюптур” деген маалыматты туугандарынан угуп, ошол кезде кызмат өтөп жаткан уулун коргоо үчүн аянтка келген. Ал көпчүлүктүн арасынан уулун издеп тапканча эки тарабынан жардыргыч атылып, эс-учун жоготуп койгон. Андан бери 8 ай өттү, бирок Тамара айым ошол күндөн тарта комада жатат.

Ал учурда баласы Ханназар Бектурган уулу "Ала-Арча" резиденсиясына башка жоокерлер менен кошо жөнөтүлгөн экен. Учурда кызматьн өтөп үйгө кайтканына 10 эле күн болду.

Тамара Өмүралиеванын 4 кыз, 2 уулу бар. 3 кызы турмушта. Ал эми 3 баласы энесинин жанында. Тамара айымга дарыгерлердин көзөмөлү тынымсыз керектигине байланыштуу Бишкек шаарынан ижарага батир алып турушат. Дарыланууга алтын, күмүш шакектерин, унааларын, бардык баалуу буюмдарын сатып, ошол каражатты жумшап, туугандарынын жардамы менен күн өтүп жатат. Каарманыбыздын кызы менен уулу "Мындан аркысына апам ойгонуп кетишине мээримдүү элибизден жардам сурайбыз", - дешет.

Толугу менен видеодон көрүңүз.






“Апамдын төшөктө жатып калышына өзүмдү күнөөлүү сезем”

Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.06.2021. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай ай. Аман эсен айыгып кетсе экен
28.06.2021. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырайымдуу Аллах апаңызга шыпаа берсин.Буйруса сакайып кетет Иншшалла.Эки рекээт намаз окуп Аллахтан сураңыздар.Дартын берген, шыпаасын сөзсүз берет.
28.06.2021. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Катуу чочуган окшойт, билген молдолорго кайрылып окутуп көрбөйсүнөрбү, балким жакшы болуп кететтир. Шыпаасын берсин кудайым, жаш эле экен балдарынын күнүн көрсүн. кудай жакшылыктарын аябасын.
29.06.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргал каарыга дем салдырып корунуздор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: