super.kg logo

Депутат Исмаилов: "Эмдөөдөн өтпөгөндөргө эмгек акыны төлөбөгүлө деген Конституцияга каршы келет"

 

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эмдөөдөн өтпөгөндөргө эмгек акыны төлөбөгүлө деп айтты. Бул түздөн-түз Конституцияны бузуу болуп саналат", - деп бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Уланбек Исмаилов билдирди.

"Айрым кызматкерлер ооруп, аралыктан иштеп жатышат. Коронавирус оорусу көп катталып жатат. Биз коңгуроо кагышыбыз керек. Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлиги толук курамда отурушу керек. Мен бир дагы өкүлдү көрө албай жатам. Бул абдан өкүнүчтүү. Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөө боюнча маалымат бериши керек. Бизде вакциналар жетишсиз болсо дагы, кысым бар. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин, өкмөттүн позициясын уккум келет", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: