super.kg logo

Алтын сертификаттын ээси Рано Бабаева: "Тестирлөөгө даярдыкты акыркы 4 айда баштап, өкүнүп жаткам"

 
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, 58 окуучу эң жогорку балл алып, алтын сертификатка ээ болушту. Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификат алып, кубанычтары коюнуна батпай жаткан учуру. Алардын бири - Кызыл-Кыя шаарындагы №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин окуучусу Рано Бабаева.

Бир эле окуу жаатында эмес, коомдук иштерге да активдүү катышкан Рано Бабаева SUPER.KG порталына ийгилик сырлары менен бөлүштү.

- Рано, ийгилигиң менен куттуктайбыз. Алгач өзүң жөнүндө айтып берсең?

- Менин аты-жөнүм Рано Бабаева, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашайм. Үч иним бар. Ата-энем дарыгер болуп эмгектенишет, ал эми инилерим мектепте окушат. Үйдүн улуу кызы болгондуктан мага ар дайым чоң жоопкерчилик жүктөлүп турат. Бул менин мүнөзүмдүн калыптануусуна, инсандык өнүгүүмө чоң таасирин тийгизди.

Мен көп нерселерге кызыгам. Музыкалык мектепти бүтүрдүм, мектепте дебат клубдарда ойнодум, шахмат турнирлерине катыштым. Ошондой эле эссе жазуу жаатында бир топ ийгиликтерге жетиштим. Телеграммда канал ачып, жазгандарымды бөлүшүп турам. Бул нерсе жүрүм-турумумду анализдөөгө көп жардам берди. Бирок менин эң негизги хоббим - ыктыярчы болуу. Курбум экөөбүз "Impulse" деген ыктыярдуу иштерди алып барган уюм негиздедик. Учурда шаарыбызды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыр уюмдун 40тан ашуун ыктыярчылары бар.

- Коомдук иштер менен алектенсең, окууга кантип жетишип жаттың?

- Ооба, бул оңой болгон жок. Бирок ата-энем мени ар дайым колдоп турушат. Алар тестирлөөгө даярданууга, жаңы курстарга барууга шарт түзүп беришти. Мугалимдеримдин да салымы чоң. Орус тили мугалимим Жумагүл Абдиманаповнанын жардамы менен облустук олимпиадада 1-орунду ээледим жана предметтик тестирлөөдөн жакшы балл алууга жардам берди. Мугалимдерим мага ишенип, менин жакшы балл алуумдан шек санаган жок.

Даярдыгыма келсек, тестирлөөгө акыркы 4 айда даярдандым. Даярдыкты кечирээк баштадым окшойт деп өкүнүп жаткам. Ошондуктан тестирлөөгө кире тургандарга даярдыкты жок дегенде бир жыл мурун баштоону сунуш кылам. Бирок, бактыга жараша, мыкты мугалимдеримдин жардамы менен бардык программаны тез арада өздөштүрүп алдым. Албетте, ага көп күч-аракет жумшалды. Убакытты үнөмдөп, күнүнө 8-9 саат окудум. Үйдөн чыгып жатканда сөзсүз жаныма китеп жана карандаш алып жүрчүмүн. Анткени бош убактым боло калса тапшырмаларды аткарчумун. Кээде китепканада калып, ошол жерде окудум.

Кошумча предметтерден биологиядан 102, химиядан 128 балл алдым. Бул мугалимдеримдин эмгеги жана өзүм да так илимдерге абдан кызыгам.

- Алтын сертификат алгандардын тизмесинен өзүңдү көргөндө кандай сезимде болдуң?

- Мага бул жаңылыкты биринчилерден болуп Айбек Мамасалиевич деген агайым айтты. Алгач толкунданып, чын элеби деп сурап жаткам. Абдан сонун жаңылык болду, өтө кубандым.

- Кайсы кесиптин ээси болгуң келет?

- Келечекте нейрохирург болгум келет, андыктан медициналык академияга тапшырам. Балким, бул оюмдан кайтып калышым мүмкүн, бирок азыр ушундай пландарым бар. Мен өз кесибимдин мыктысы болуп, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө салым кошкум келет. Нейрохирург оор кесип, менин тандоомду баары эле түшүнө бербейт, кесиптерди эркек жана аялга тиешелүү деп бөлгүм келбейт. Ошондой эле өзүмдү чектебеген, айлана-чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошкон адам болгум келет.

- Маегиңе рахмат, ийгийлик каалайбыз!

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.

Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.

Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир алтын сертификаттын ээси Жанболот Кубанычбековдун маеги бул жерде.

Ош облусунан 3 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын бири Наргиза Жолдошеванын маеги бул жерде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: