Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов Ооганстан тууралуу сүйлөштү
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсү — биз үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өскөнүнө карабастан жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Дыкат талдоо жүргүзүү зарыл жана толук кандуу кызматташуудагы тоскоолдуктарды четтетүү керек", - деп Түркмөн президенти билдирди.
"Ал күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууну атады.
Анын айтымында, түркмөн-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө ооган темасы салтка айланып калгандай маанилүү орунду ээлейт. Баары Ооганстанды тынчтык жолундагы, гүлдөгөн мамлекет, ынак коңшу катары көргүсү келет", - деп жазылат маалыматта.

