super.kg logo

Элчилик: "Якутияда каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып кетүү үчүн бир жолку төлөм берилди"

 
Президенттин "чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө" жарлыгынын негизинде "жүк-200дү" алып кетүү үчүн арыз ээсине каражат берилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 23-июнда Якутияда каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып кетүүдөгү чыгымдарды жабуу үчүн жазылган арыз каралган. Комиссия оң чечим кабыл алып, арыз ээсине тиешелүү сумма төлөнүп берилди.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элчилик дагы бир жолу эскертет, бир жолку төлөмдү алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1. Арыз;
2. Акча каражатын алуучунун паспортунун оригиналы жана көчүрмөсү;
3. Туугандык жакындыгын тастыктаган документтери (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
4. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же оригиналы.
5. Каза болгондугу жөнүндө маалымдаманын оригиналы;
6. Акча каражатын алууга ишеним көрсөтүлгөн адамдын атына ишеним каттын оригиналы (ишеним кат жакын тууганы тарабынан берилет).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: