Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Ошто көчмө жыйын өткөрдү
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 26-октябрь күнү Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, анда депутаттар эл аралык келишимдердин алкагында каржыланып жаткан мекемелер менен таанышып чыгышты. Көчмө жыйында аткаруу органдарынын жетекчилеринин эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен түзүлгөн макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.
Көчмө жыйынга аталган комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев, депутаттар Бахтияр Кадыров, Майрамкан Кадырбекова, Жоомарт Сапарбаев, Галина Скрипкина катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

