super.kg logo

Билим берүү тармагында окутуу стандарттарына өзгөртүүлөр киргизилет

 

Кыргыз өлкөсүнүн президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы боюнча маалымат жыйын өттү. Анда билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов төмөнкүлөрдү билдирди:

"Кыргыз өлкөсүнүн президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде жалпы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты. Бул жакынкы күндөрү коомдук талкууга коюлат. Анын негизги моделдери натыйжага негизделген билим берүү болуп саналат.

Билим берүү тутумундагы окутуу стандарттары толук жаңыланды. Алардын катарына төмөнкү багыттар кошулду: руханий адеп-ахлактык тарбия, санариптик жана медиа сабаттуулукту калыптандыруу жана башкалар кошулду. Ал эми өзгөрүүлөр боюнча кыскача токтолсом, география сабагы социалдык билим берүү тармагынан табигый илимий билим берүү тармагына которулду. Информатика сабагы технология билим берүү тармагынан математикалык билим берүү тармагына которулду", - деп билдирди Мамбетакунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: