super.kg logo
  Саясат  

Дүйшөмбү шаарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусу башталды

 

Бүгүн, 29-июнда Дүйшөмбү шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Садыр Жапаровду коштогон кортеж "Улут сарайына" келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды. Мамлекет башчылары учурашкан соң, ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышкан.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталып, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон "Улут сарайына" тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: