super.kg logo

Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылат

 

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Президентин администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

Сунушталсын:

— Жогорку Кеңештин аппаратынын, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

— Жогорку соттун, конституциялык соттун, жергиликтүү соттордун органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.

Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинети:

— Кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөк пулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

— Бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн", - деп жазылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.06.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура,депутаттарды дагы 30пайызга кыскартып алсак.санына эмес,сапатына карасак,
29.06.2021. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shabi,50%эле кыскартыш керек.
29.06.2021. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарынан да депутаттардын санын кыскартса жакшы болмок ошолорго эле мамлекеттен канча акча королуп жатат айлыгы минген машинеси болуп отуруп бир топ акча кетет иштем мамлекет үчүн жанымды берем дегендерден 30у болсо деле болмок. Саны бар сапаты жок болуп жөн эле отургандар көп айгырдын богундай болушуп.
29.06.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура чечим,Элден жыйналган налогдордун эсеби ушинтип экономдолсо Элге да женил.
29.06.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы кабыл алынган конституция боюнча 90 депутат болду го.
29.06.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик органдардагы штатты кыскартуунун эсебинен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү керек,мыкты адис кызматкерлер азыркы айлыка иштебейт, пенсиясы бар, кошумча дарамети бар гана кызматкерлер иштеп жатат.
29.06.2021. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскартуу туура бирок байгы эле ылдыйраак кызматчыларды кыскартып койот карапайым. Жогорку кызматтагылар кыскарбайт коросунор. наборот тигилердин эсебинен айлыктарын которуп алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: