super.kg logo

"Алтын сертификаттын" ээси Нуржамал Абдиллаева: "Жогорку балл алуу үчүн 50дөн ашык сынамык тестирлөөдөн өттүм"

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул жылы 58 окуучу өлкөнүн эң мыктысы аталды. SUPER.KG порталы "Алтын сертификатка" ээ болгон окуучулар менен тааныштырууну улантат.

Баткен облустук мектеп-интернат-гимназиясынын окуучусу Нуржамал Абдиллаева тестирлөөдөн 227 балл алып, мыкты окуучулардын алдыңкы катарында тургандардын бири. Ал жогорку балл алуу үчүн 50дөн көп жолу сынамык тестирлөөдөн өткөнүн айта кетти.

- Нуржамал, "Алтын сертификаттын" ээси болушуң менен куттуктайбыз. Алгач өзүң тууралуу айтып берсең?

- Мен 2003-жылы Баткен шаарына караштуу Кызыл-Жар кварталында төрөлгөм. Апам математика мугалими, атам болсо бул жаатта иштебейт. Беш бир тууганбыз. Бир агам, бир сиңдим жана эки иним бар. Мектепте жакшы окуганга аракет кылып келем. Химия сабагынан республикалык олимпиадада биринчи, экинчи орундарды алгам. Ошондой эле мектепти "Алтын тамга" артыкчылык аттестаты менен аяктадым.

- Тестирлөөгө даярдык качан башталды эле?

- Даярдык 10-класста окуп жүргөндө башталган. Былтыр окуу жылы аяктап калганда билим алууну аралыктан улантканбыз. Онлайн окуу башталганда көнүп кеткенче бир аз кыйын болду. Бирок бош убактың көп болот экен. Ошону туура жакка пайдаланып, тестирлөөгө даярданууга үлгүрдүм. Апам өзү окутуп жатты. Онлайн окуу баарына жеткиликтүү эмес. Айрымдар катыша албай калышты.

- "Алтын сертификат" аларыңа ишендиң беле?

- Ооба, ишенгем. Анткени сынамык тесттерден 210-220 балл алып жаткам. Тестирлөөгө катыша тургандарга талыкпай окугула демекчимин. Мен 50дөн ашык сынамык тест тапшырдым. Практика жасап жатып, жакшы өздөштүрдүм деп айта алам. Мен өтө өжөр, тырышчаак кызмын. Алдыга койгон максаттарыма жетмейинче артка чегинбейм, токтобойм. Ошондой эле мага билим берген, колдоо көрсөткөн бардык мугалимдериме, ата-энеме жана досторума ыраазычылык билдирем.

- Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?

- Үйдүн улуу кызы болгондуктан, көп учурда апама жардам берем. Бош убакыт болуп калганда дүйнөлүк, фантастикалык китептерди окуганды жакшы көрөм.

- Келечекке койгон кандай максаттарың бар?

- "Ала-Тоо" эл аралык университетине медицина факультетине тапшырганы жатам. Келечекте чет өлкөдө билим алсам деген максаттарым бар.

- Маегиңе рахмат, ийгийлик каалайбыз!

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.

Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.

Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир "Алтын сертификаттын" ээси Жанболот Кубанычбековдун маеги бул жерде.

Ош облусунан 3 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" татыктуу болду. Алардын бири Наргиза Жолдошеванын маеги бул жерде.

Бир эле окуу жаатында эмес, коомдук иштерге да активдүү катышкан "Алтын сертификаттын" ээси Рано Бабаеванын маеги бул жерде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-Жар эмес Кызыл-Жол кварталында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: