super.kg logo

Башкы прокурор: "Учурдагы кодекстерди иш жүзүндө колдонууда бир катар кыйынчылыктар келип чыккан"

 

"Учурдагы кодекстерди иш жүзүндө колдонууда бир катар кыйынчылыктар келип чыккан", - деп бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Башкы прокурор кодекстердеги кемчиликтерди жоюу максатында атайын эксперттик топ түзүлгөнүн белгиледи. Эксперттик топ кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыккан. Ал сунуш кылынган мыйзамдар менен кодекстердин долбоорлору жөнүндө айтып берди.

"Азыркы кодекстер жазаларды тутумдаштырат деп болжолдонгон, бирок иш жүзүндө бардыгы тескерисинче болуп калды, кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн жазалар күчөтүлгөн. Мисалы, өзүнчө беренелер боюнча, соттор мурда соттолбогон жаш жигиттерди түрмөгө камоого аргасыз болушкан. Анткени бир жаза 5 жылдан 7 жарым жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган. Сунуш кылынган кодекстердин долбоорлору укук колдонуу практикасын, акыйкаттык принцибин эске алуу менен иштелип чыкты", - деди Зулушев.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен азыркы Кылмыш-жаза кодекси күчүн жогото турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: