super.kg logo

"Биздин Кыргызстан" Бишкекти өнүктүрүүдө "жашыл багытты" көздөйт

 

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаарынын экономикалык өнүгүүсү үчүн "жашыл курсту" сунуш кылууда. Бул маселе учурда абдан актуалдуу. Бул деген айлана-чөйрөнүн булганышынын масштабын кыскартуу, "таза" транспорттун жана "таза" энергетиканын өнүгүшү, таштандыларды башкаруунун сапатын жакшыртуу.

Мисалы, үйлөрдү жылытууну жана коомдук транспортту газга өткөрүү, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу экологиялык көйгөйдү чечет - кыш мезгилинде түтүн болбойт, аба тазаланат, шаарды көрктөндүрүү пландуу түрдө жасалса, Бишкекке "жашыл шаар" деген мурдагы даңкы кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мунун бардыгы “Биздин Кыргызстан” партиясынын “Жаратмандар жолу” программасында жазылган.

Алып карасак, таштандыларды чогултуучу жана иштетүүчү ишканаларды куруу, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул таштанды полигондун аянтын кыскартууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө техногендик таасирин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

“Биздин Кыргызстан” партиясы экологиялык таза электромобилдерге өтүүнү да жактайт. Биздин өлкөдө электр унаалар рыногун өнүктүрүүнүн жана автоунаанын ушул түрүн чыгарууга өбөлгө түзүлгөн. Бишкектеги экологиялык көйгөйдү эске алганда, мындай демилге болуп көрбөгөндөй пайдалуу. Буга эч кандай олуттуу тоскоолдуктар жок. Электр батарейкаларын кубаттоочу жайларды кадимки май куюучу жайлардын базасында түзсө болот.

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: