Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалышы тууралуу билдирүү таратты
Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп дайындалган Садык Шер-Нияз кызматка дайындалышы тууралуу билдирүү таратты. Анда ал кызмат үчүн соодалашуу болбогондугун, Кыргыз өлкөсүндөгү көптөгөн долбоорлору өз ишин уланта берерин жазган.
"Мен Францияга элчиликке, Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмуна өкүл болгонум жөнүндө президенттин указын Таласта жүрүп уктум. Президентке ишеним көрсөткөндүгү үчүн кубанычтамын. Силердин куттуктоолорго дагы өзүнчө ыраазычылык. Ошону менен катар кээ бир суроолорго түшүндүрмө берип кетем.
Президенттик ат салышуудан талапкерлигимди алып жатканда бул жөнүндө сөз болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Кызмат үчүн соодалашуу менин кыялымда жок, аны мени менен жүргөндөр жакшы билишет. Андан кийин да эч кандай жолугушуулар болгон эмес. Бул кызматка эмне үчүн дипломаттар барбайт дегенге менин оюмча ЮНЕСКОго маданият ишмерлери барса көбүрөөк жумуш аткарат деген ойдомун. Салттуу түрдө ошол багытта Чыңгыз Айтматов баштап элчи болуп келген эмеспи. Андан кийин дагы бир топ маданият өкүлдөрү элчилик кызматты өрнөктүү аткарып, азыр да ийгиликтүү иштеп жатышат.
Француз тили боюнча: англис тилин өздөштүргөм, француз тили деле көп кыйынчылык туудурбайт деп ойлойм. Албетте, оорчулуктар болорун түшүнөм, буюрса, чогуу жеңебиз. Деги эле маданият ишмерлеринин колунан маданияттан башка эч нерсе келбейт деген коомдогу калпыс ойду жеңишибиз керек. Маданият бардык багыттын башаты деп айтаар элем жана ошону далилдегенге бардык күч-аракеттерди жумшай беребиз.
Айтыш фонду, Айтыш фильм киностудиясы, Калемгер адабий клубу, Лос-Анжелестеги Азия дүйнөлүк кинофестивалы, Кыргыз мамлекети кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү кинофестивалы жана биз негизги шериктеш болгон Ак илбирс улуттук кино сыйлыгы, театралдардын “Эргүү” сыйлыгы өз ишин мурдагыдай эле алып бара берет", - деп жазган Шер-Нияз.
Белгилей кетсек, Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп 24-июнда дайындалган. Ошондой эле ал Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

