super.kg logo

"Элдик кошуундун 355 мүчөсү бар". Ысык-Көлдө элдик кошуундар милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтүшүүдө

 

Ысык-Көлдө элдик кошуундар милиция кызматкерлерине коомдук тартипти камсыз кылууда көмөк көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү коомдук жайларда тартипти камсыз кылып, милиция кызматкерлерине жардам берип жатышат.

"Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөн 300дөн ашуун иш-чарага коомдук тартипти сактоого элдик сакчылардын 1 миң 316 өкүлү тартылган. Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү 116 укук бузуу фактыларын аныктоого көмөктөшүшкөн, анын ичинен 46 фактысы боюнча бузуулар жөнүндө кодексинин 81-беренеси "коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү" менен протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган. Алар 12 кылмыштын жана 56 жоруктун бетин ачууга катышкан.

Учурда жайкы туристтик сезондун кызуу мезгилинде ыктыярдуу элдик кошуундарга мүчө болушуп, улан-кыздар, ал тургай улгайган курактагы жарандар да кирүүдө. Бүгүнкү күндө облуста ыктыярдуу элдик кошуундардын 355 мүчөсү курорттук жана эс алуу жайларын, пляждык зоналарын, ошондой эле эс алуучулар көп каттаган коомдук жайлардын аймагында коомдук тартипти камсыз кылууда", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: