Ошто сугат суу көйгөйүнө байланыштуу жыйын өттү




“Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү” темасында Ош шаарында конференция өттү. Бул тууралуу сугат суу боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрү SUPER.KG порталына билдиришти.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Айыл-чарба жана экономика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана фермерлер катышты. Сугат суу боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлдөрү депутаттарга жана өкмөт мүчөлөрүнө суу кризисин чечүү боюнча сунуштарын айтышты.
"Тилекке каршы, сугат суунун жетишсиздиги жылдан жылга кайталанган көйгөйгө айланды. Бул маселени чечүүдө сугат суунун жетишсиздигинин негизги себептерине көңүл буруу керек. Ал дайым эле суунун азайуусунда гана эмес. Ирригациялык инфраструктура жана сугат сууну башкаруу системи дыйкандарды сугат суу менен толук камсыз кылуу практикасына жана талаптарына шайкеш келиши үчүн кылдат изилдөөнү талап кылат", – деп демилгелүү топтун мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбековго кайрылышты.
Буга чейин демилгелүү топ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылып, депутаттар менен биргеликте өкмөттө талкууланып жаткан мыйзам долбоорун алдыга сүрөө сунушу менен кайрылган.
Демилгелүү топ тарабынан сунушталган мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сугат суу менен камсыздоону жана ички чарбалык ирригациялык инфраструктураны мыйзамга ылайык башкарууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган. Учурда мыйзам долбоору өкмөттө талкууланып жатат.

