super.kg logo

Депутаттар ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдан 15 жылга чейин узартуу демилгесин сунуштады

 

Депутаттар ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдан 15 жылга чейин узартуу демилгесин сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аалы Карашев менен Айнура Осмонова.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору ипотекалык насыя алууда жана аны төлөөдө карапайым калкка жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан. Ошондон улам "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" мыйзамдан "баштапкы төлөм – 10 пайыз" деген сөздү алып салуу жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү "5 жылдан кем эмес" деген сөз "15 жылдан кем эмес" деген сөзгө алмыштыруу сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: