super.kg logo

6 айында комага жатып калган 2 жарым жашар Абдулла чарчап калды

 

Буга чейин SUPER.KG порталына үч баланын энеси Асылгүл Сүйүнбай кызы кайрылган. Ал экинчи уулун мындан эки жарым жыл мурун 6 саны аман көз жарганын, 5 айлык кезинде алы кетип баштаганын байкап ооруканага алып барганын жана дарыгерлер бала көтөрө албаган антибиотиктерди сайганын, ал антибиотиктер өпкөсүн иштен чыгарып Абдулланы комага түшүргөнүн айтып сыздаган. Баласын ооруканадан "бир апта ичинде чарчап калышы мүмкүн, даярдана бергиле" деп чыгарып койгондон кийин башынан кыйын күндөрдү өткөргөн. Наристеге атайын дем алдыруучу аппараттарды, дары-дармектерди, жадакалса тамагына чейин акча көп талап кылынгандыктан атайын репортаж даярдаганбыз. 2021-жылдын 25-май күнү Абдулла чарчап калды. Апасы менен байланышканыбызда ал буларга токтолду.

"Баламды жоготконубузга дагы деле ишене албайм. Мен Абдулла үчүн баарына даяр элем. Жардам бере албаганыбыз үчүн кечирим сурайм. Учурда Жалал-Абадга ата-энемдикине келдим, балам жок кыйналып кеттим. Анын кошумча тамактарын, кийим, буюмдарын муктаж болгондорго тараттым. Дарыгерлердин бул кылганын эч качан унутпайм, эгер өзүмө келип жакшы болуп кетсем Бишкекке барып №3 балдар поликлиникасына кайрылам, арыздарымды жазам. Дарыгерлердин айынан дагы көптөгөн балдар жабыркашын каалабайм", - деди Абдулланын апасы Асылгүл Сүйүнбай кызы.

Асылгүл Сүйүнбай кызынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.06.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ай байкуш ай балапан бала
29.06.2021. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сабыр берсин апасына кээде врачтар шалаакылык кылышат энесине ичим ачышвп атат.
29.06.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх омур кандай гана ширин бала экен
30.06.2021. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аппагым периштем Аллахым озунду бейишине алсын. Ата энесине сабыр тилеймин. Озунузду куноолу сезбениз. Врачтардын жазасын бериш керек мыккаачылар
30.06.2021. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балапаным, шириним десе дуа кылдым эле ушул балага. Бейиштен ата-энени тосуп алаарсын. Ден соолугуна зыян кетирген дарыгерлер эки дуйно убалына калсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: