super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорунун фото-фиксациясы бузууларды мыйзамсыз жазганбы? Башкармалыктын жообу

 

Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз жарандын видео кайрылуусу тарап, анда ал жол эрежесин бузууларын сүрөт-жаздыруу мыйзамсыз жөнгө салынып жатканын айткан. Ошондой эле кайрылуу жасаган жаран ылдамдыкты чектөө эрежелерин бузууну каттаган фото-фиксация мыйзамсыз жазган деп айыптаган. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдама жасады.

"Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан ылдамдыктын бузулушун өлчөө каражаттарын мезгил-мезгили менен текшерүү жүргүзүлүп турат. Берилген текшерүү күбөлүгүнө ылайык, ылдамдыкты бузгандыгы үчүн бардык фото каттоо тутумдарынын иштөө мөөнөтү 2022-жылдын 23-августуна чейин жарактуу жана мыйзамдуу түрдө иштейт.

"Коопсуз шаар" долбоору бул мамлекеттик долбоор, негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда жарандардын коопсуздугун, жолдогу тартипти, маданияттуулукту жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, адам өмүрүн алган учурларын жокко чыгаруунун таасирдүү инструменти болуп эсептелет.

Аталган долбоор жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдук тартипти сактоого, мыйзамдардын так аткарылышына өбөлгө түзөт жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган. Коррупциянын курамдык бөлүгү жок.

Мыйзам бузууларды жасагандыгы үчүн алынган айып пулдар автоматтык түрдө "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт, мыйзамдарга ылайык, айыптардан түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке түшөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автоматташтырылган "Коопсуз шаар" маалымат тутумунун колдонуучусу болуп саналат, негизги функциялары: транспорт каражаттарынын ээлерин жоопко тартуу жөнүндө бузуу токтомун иштеп чыгуу жана чыгаруу, басып чыгаруу, конвертациялоо жана даректерине жеткирүү", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.06.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын башына мамлекетке түшөбү этин өзүңөр жеп сөөгүн коёсунар мамлекетке
29.06.2021. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камеранын белгиси бар деген знак жок эле жерде тура беришет ке бир жерден бекинип алып камерага тартышат ушул боюнча мыйзамда кандай каралган бекинип алып камерага тарта беришине уруксат барбы. Ушул жерге туруп видео тартканы жөнүндө уруксат кагазынар барбы десең орондоп РОВДга баргыла дешет жөн эле сабашниктер туруп атат жолдордо. Отоле орондогондорду токмоктоп койсо кандай болот кеде аябай эле надоел кылып жиберишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: