super.kg logo

COVID-19: Бишкек мэриясынын айрым башчыларына сөгүш берилди

 

Бүгүн, 30-июнда борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык өзгөчө эпидемияга каршы комиссиянын иши жөнүндө отчётун укту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы COVID-19 менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды койгон. Алсак: коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн арасында бет капты милдеттүү түрдө тагынып жүрүү, антисептикти колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

"Борбор калаадагы коронавирус инфекциясы боюнча жагымсыз кырдаалды жана Бишкек шаарында эпидемиянын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жетишсиз уюштурулганын эске алып, Бактыбек Кудайбергенов айрым атка минерлерге эскертүү жана сөгүш жарыяланды:

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри В.Мозгачевага сөгүш;

Коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын вице-мэри Р.Акылбековго эскертүү;

Административдик райондордун башчыларына - М.Осмонов жана Д.Арпачиевге сөгүш, М.Нусувалиевге катуу сөгүш, Б.Карамшаковго эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: