super.kg logo
  Саясат  

Рыскелди Момбеков тергөөчүлөр атка минерлерден кантип көргөзмө аларын айтты

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы Кодекстердин долбоору талкууланып жатат. Анда депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жаңы Кодексте аша чапкан жерлери көп экенин айтты.

"Элди нааразы кылган эки эле берене бар. Алар тергөө менен кызматташуу жана кустуруу операциясы. Булар жаңы Кодекстерге киргизилгенби?", - деп сурады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө менен кызматташуу жаңы долбоорлордон алып салынганын айтты.

"Жаңы Кодексте кустуруу операциясы деген жок. Бирок тергөөгө шектүү адамдар өз каалоосу менен мамлекеттин эсебине өз каражаттарын төлөп берип жатышат. Биз алардан соттун чечими менен гана келтирилген чыгымды төлөп берүүсүн талап кылабыз", - деп кошумчалады ал.

Момбеков жогорудагы беренелер боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"Тергөө менен кызматташуу дегенде ал жерде тандоо жок болот экен. Тергөөчү айтат экен же "стукач" болосуң же "су.." болосуң деп. Анан 10 миллион доллар уурдагандар 10 миллион сом штраф менен чыгып кетип жатканы элди нааразы кылып жатат", - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: