super.kg logo

"Ишеним" партиясынын талапкерлери шайлоочулар менен жолугушууну улантууда

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн үгүт иштери кызуу уланууда. "Ишеним" партиясынын талапкерлери өз шайлоочулары менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатат.

29-июнда "Ишеним" партиясынын талапкери Адиса Имангазиева "Юг-2" кичи районунун тургундары менен жолугушуу уюштурду. Ушул эле күнү талапкерлер Алишер Тентимишев Бакай-Ата жаңы конушунун, Асылбек Акылбеков Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жашоочуларына жолугушту.

Жолугушуу учурунда талапкерлер "Ишеним" партиясынын программасын жана шайлоодон жеңип чыгышса, кайсы иштерди жасай тургандыгы тууралуу айтышты. Ал эми тургундар өздөрү жашаган аймактын көйгөйлөрүнө токтолуп, бул көйгөйлөрдү чечүү тууралуу кеп козгошту. Жергиликтүү тургундар талапкерлерге шаардагы шарттар, ирригация, жарыктандыруу тууралуу суроо узатышып, алардан кантип чечүү тууралуу жоопторду угушту.

Жыйынтыгында шайлоочулар "Ишеним" партиясынын талапкерлеринин жоопторуна жана программаларына канааттангандарын айтышып, аларга ак жол каалап ак баталарын беришти.

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 30.06.2021


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.06.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдерди көп чогултпа деген сайын эле кыйратышып койгонсуп чогултушат элдер уже тажады силердин жалган созунорго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: