super.kg logo

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек? ИИМдин кеңеши

 

Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне? Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн экинчисине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысымдарды атайлап колдонушу, анын кесепетинен денеге жаракат келтирилет, эмоционалдык жактан жабыркайт, ар кандай кемсинтүүлөргө дуушар болот. Мындай абалга келген жарандар эмне кылыш керек экенин ИИМ айтып берет.

Критикалык кырдаал укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаса же аны чечүүгө мүмкүн болсо дагы, бир катар алдын алуу чараларын көрүңүз:

- Коркунуч жаралган учурларда бара турган коопсуз жайыңыз бар болушу керек (туугандарыңыз, досторуңуз);

- Үй-бүлөңүздө болуп жаткан кырдаал жөнүндө жакындарыңыз кабардар болушу керек;

- Милиция менен коркутпаңыз (бул үйдөгү зөөкүр адамыңыздын күтүүсүз реакциясын жаратышы мүмкүн), өз убагында анын өкүлдөрү менен байланышыңыз. Мыйзам сиз тарапта экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!

Окуя болгондон кийин эмне кылуу керек, ким менен байланышуу керек, кайда баруу керек?

Окуядан кийин дароо "Тез жардам" бөлүмүнө кайрылып, алган жаракаттарды жаздыртып, милицияга кабарлоо керек. Кризистик борборлорго баруудан тартынбаңыз: ал жерде сиздин азыр кандай эмоционалдык абалда экениңизди билген, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтө турган адамдар иштешет, керек болсо убактылуу жашоого шарт түзүп беришет.

Эгерде сиздин өмүрүңүзгө жана ден соолугуңузга кандайдыр бир коркунуч туулса, жардам суроого аракет кылыңыз жана болгон окуя боюнча милицияга кабарлаңыз:

"102" номерине чалыңыз же ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүңүзгө кабарлаңыз.

Эсиңизде болсун! Үй-бүлөдөгү зомбулук кырдаалында бир гана күнөөкөр бар, ал зомбулук жасаган адам. Ал муну жабырлануучунун жүрүм-турумуна карабастан жасамак. Анын курмандыгын күнөөлөөгө жол берилгис нерсе.

Үй-бүлөлүк зомбулук - бул оор кесепеттерге алып келген кайгылуу тажрыйба. Зомбулук канчалык узакка созулуп жана күч колдонулган сайын, ошончолук терең жаракат алат. Эң оор учурда психологиялык травма өнөкөткө айланып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: