super.kg logo
  Саясат  

"Макул" 59, "каршы" 38. Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапкан жок

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

Жалпы 97 депутат каттоодон өтүп, анын 59у "макул" деп, 38и "каршы" деп добуш берди.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.

Эске салсак, былтыр, 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоо тапкан. Долбоорго карата 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, бул сөз эркиндигине каршы келген мыйзам катары кабылданган.

Былтыр, 3-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына карата каршы пикирге кол койгону маалым. Мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикири кайрадан Жогорку Кеңеште каралышы боюнча сунуштоо берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: