super.kg logo

Депутат учурдагы эпидемиологиялык абал былтыркы жылга салыштырмалуу начар экенин айтты

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык оперативдүү штабдын маалыматын укту.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди.

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Учурдагы эпидемиологиялык абал былтыркы жылга салыштырмалуу начар. Калкты эмдөө боюнча иш-чаралардын аткарылбагандыгы үчүн ким жооп берет?"- деген собол салды.

Депутат Аида Касымалиева талаптагыдай иш алып бара албаганы үчүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрин сынга алды.

Депутат Улан Примов өлкө аймагында калкты эмдөө иштери таптакыр болбой калгандыгын баса белгиледи. Айтымында, быйыл өлүм-житим көбөйүүдө, бирок жоопкерчиликти алган кызмат адамы жок.

Белгилей кетсек, 30-июнга карата жугуштуу илдеттен өлкөдө 1 миң 965 адам ооруга чалдыкса, Бишкек шаарында 1 миң 490 адам катталган. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү багытында бюджеттен 2 миллиард 220 миллион сом бөлүнсө, анын ичинде вакцина сатып алууга 815 миллион сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
30.06.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйратып койуп каникулга кеттинер ошондон нары келбей калгылачы баарынар
30.06.2021. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аидага эмне жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: