super.kg logo

Экономика жана туризм чөйрөсүндө Кыргыз-Польша кызматташтыгын чыңдоонун мүмкүн болгон багыттары боюнча сүйлөшүлдү

 

30-июнда Польша тараптын демилгеси менен Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстандагы Польшанын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Радослав Грук менен жолугушуусу болуп өттү.

Сылык сапардын алкагында Радослав Грук Өзбекстанга дайындалганга чейинки ишмердүүлүгү жана элчиликтин учурдагы иш багыттары жөнүндө кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз мамлекети менен Польшанын Өзбекстан менен кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашып, экономика жана туризм чөйрөсүндө Кыргыз-Польша кызматташтыгын чыңдоонун мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алмашты.

Ибрагим Жунусов, өз кезегинде маектешине Кыргыз мамлекетинин туристтик мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өлкөнүн тарыхый жана маданий кооз жерлери жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ага мындан аркы Өзбекстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кыргыз-поляк мамилелерин кеңейтүүгө ар тараптуу салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: