super.kg logo

Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди

 

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын", - деп Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында жазылат.

Президент Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы кеңейип, тереңдей берерине бекем ишенет.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: