Түркиянын коргоо министри Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапарынан кийин Тажикстанга барды
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргыз өлкөсүндөгү иш сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Хулуси Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган.
Анда түрк министри Тажикстан Түркиянын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү экендигин белгилеп, эки өлкөнү тарыхый, маданий жана диний мамилелери байланыштырып тургандыгын эске салган.
Акар ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана террорчулукка каршы күрөшүү тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.
Хулуси Акар Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен 29-30-июнда келген. Анда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.


Ишенгенибиз Турк болсо..