super.kg logo

Баткендин чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмеси өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө башка маселелер менен катар "Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, "Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө" документи аймак тургундарынын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек.

"Мыйзамдын негизги милдети - жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

"Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген", - деп белгиледи экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, регионго өзгөчө макам берилгенден кийин, товарларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

- атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: