super.kg logo

"Билим алууга эч нерсе тоскоол болборун далилдедиңер." Садыр Жапаров "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр менен жолукту

 

Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырды.

Президент "Алтын сертификаттардын" ээлерин куттуктап, билим - ааламдагы эң баалуу ресурс экенин белгиледи.

"Урматтуу бүтүрүүчүлөр, окууга болгон мамилеңердин жана шык-жөндөмүңөрдүн үзүрүн көрүп жатасыңар. Силер каалаган окуу жайыңарга жана каалаган адистигиңерге окууга мүмкүнчүлүгүңөр бар. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн кыйла бөлүгү чет өлкөдөгү окуу жайларга окууга өтүшөт. Бул өлкөдөгү билим берүү системасынын потенциалынын жогору экендигин көрсөтүп турат. "Алтын сертификатты" 2018-жылы 54 окуучу алса, 2021-жылы 58 окуучу алып жатат. Окуучулардын эң мыктылары суурулуп чыккандыгын баса белгилөө абдан кубанычтуу. Өткөн жылдагы коронавирус пандемиясы билим берүү системасына кедергисин тийгизгенине карабастан, чоң ийгиликтерди жарата алышты. Силер билим алууга эч нерсе тоскоол болборун далилдедиңер. Учурдагы технологиялык заманда коомчулук билим сапатын реформалоого кызыкдар. Анткени ааламдагы эң баалуу ресурс - бул билим", - деди өз сөзүндө президент.

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.

Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.

Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир "Алтын сертификаттын" ээси Жанболот Кубанычбековдун маеги бул жерде.

Ош облусунан 3 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" татыктуу болду. Алардын бири Наргиза Жолдошеванын маеги бул жерде.

Бир эле окуу жаатында эмес, коомдук иштерге да активдүү катышкан "Алтын сертификаттын" ээси Рано Бабаеванын маеги бул жерде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: