Марипов: "Сентябрга чейин чек ара чырынан жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу бүткөрүлүшү керек"



Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин видеоконференц байланыш режиминде өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин журүшүндө 28-30-апрелде Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын кесепетинде жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды.
Улукбек Марипов белгилегендей, министрлер кабинетинин негизги максаты – тургундар үчүн татыктуу шарттарды түзүү.
"Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет, иш отчёттуулук үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керек. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга кенемте тез арада төлөнүшү керек", - деди Марипов.

