"Тендер туура эмес өттү". Органдары трансплантацияланган бейтаптар Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы
Органдары трансплантацияланган бейтаптар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдына митингге чыгышты. Анда бейтаптар оригинал дарынын ордуна көчүрмөсүн алып келе турган компания тендерден утуп алгандыгына нааразы болушууда.
"Быйыл тендерге 78 миллион бөлүнүп берилген. Буга чейин биз оригинал дары ичип келгенбиз. Бул тендерге катышып жаткан эки компания дженерик дарысын (оригинал дарынын көчүрмөсү) сунуштап келип жатышат. Алардын акчасы эки эсе арзан экен. Бүгүнкү күндө улуттук госпиталь тендерди өткөрүп жатат.
Тендердик комиссияда биз тараптан байкоочу бар. Комиссияга бир эмес, эки жолу биздин бейтаптар дженерик дарыны иче албайт деп кат жибергенбиз. Бейтаптардын 95 пайыздан көбү операциясын чет мамлекеттен жасатып келишкен. Тендердик комиссия министрдин орун басары дагы дженерик дарыны өткөзбөгүлө дегенде макул болушкан. Кечээ күнү тендерди дженерик дарыны алып келе турган фармкомпания утуп алгандыгын уктук", - деп билдирди митингге чыккандардын бири.



1 |