super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү сунушталууда

 

Кыргыз өлкөсүндө аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Тиешелүү өзгөртүүлөр аталган министрлик тарабынан коомдук талкууга коюлду.

"Бүгүнкү күндө Эмгек кодексинде аралыктан иштөөнү жөнгө салуу каралган. Бирок ал керектөө жана кол өнөрчүлүк товарларын өндүрүү менен байланышкан милдеттерди аткарышса гана. Бул ченемдерди жумушчулардын ар кандай категорияларынын ишин жөнгө салууда колдонуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилсе аралыктан иштөөнү мыйзамдуу түрдө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордо аралыктан иштөө дегенде эмгек милдеттерин жумуш берүүчүнүн, анын филиалынын же анын өкүлчүлүгүнүн чегинен тышкары жерде эмгек милдеттерин аткаруу деп айтылат. Ошол эле учурда аралыктан иштөөнүн өбөлгөсү - маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернетти пайдалануу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: